02 июнь 2023

Кароолор: (73)

Жалал-Абад: Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри социалдык жардам алган үй-бүлөлөрдүн ишмердүүлүгүнөн кабар алды

 Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Назира Жакыпова шаардагы социалдык контракттын негизинде социалдык жардам алган жарандардын иш алып баруусу менен жеринде таанышып чыкты.

Кудайберген Базарбаев мамлекет тарабынан берилип жаткан жардамдарды туура жана максаттуу пайдаланып жаткан үй-бүлөлөргө өз ыраазычылыгын билдирүү менен ишкердигин жакшы жүргүзгөн ишкерлерге дагы да ар тараптан колдоо көрсөтүлөөрүн билдирди.

 Эскерте кетсек, быйыл Министрлер Кабинетинин «Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө» токтомун ишке ашыруу максатында шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан Жалал-Абад шаарындагы аз камсыз болгон 75 үй-бүлөгө 100 миң сомдон акча каражаты берилген.