30 март 2023

Кароолор: (51)

Жалал-Абад: Эл аралык университеттин тротуарга чыгып кеткен тосмосу буздурулду

 Бүгүн, 29-мартта Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи шаарчасындагы Тарсус көчөсүндө жайгашкан К.Токтомаматов атындагы эл аралык университетинин тротуарга чыгып кеткен 200 метр аралыктагы темир тосмолору буздурулду.

 Эскерте кетсек, буга чейин жергиликтүү бийлик тарабынан аталган университеттин жетекчилигине тротуардагы курулушун бузуу боюнча эскертүү берилген болчу.

 Алдыда мыйзамсыз курулуштарды буздуруу иши улантылат.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз