22 февраль 2023

Кароолор: (210)

Жалал-Абад: Эл аралык эне тил күнү белгиленди

   Бүгүн, 21-февралда Жалал-Абад шаарындагы Токтосун Тыныбеков атындагы филармонияда Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата "Мамлекеттик тил- достуктун жана биримдиктин тили" аталышындагы фестиваль болуп өттү. Иш-чарага КРнын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Гүлзат Аширова, мэрдин орун басары Гулбарчын Таштанбекова, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын Жалал-Абад облусундагы өкүлү Элмира Муратбекова, студенттер жана окуучулар катышты.

   Фестивалда “Ариет” балдардын чыгармачылык борбору, маданият техникуму, лицейлердин студенттери жана таланттуу окуучулар тарабынан даярдалган ар улуттун ыр-бийлери, каада-салты, үрп-адаты көрсөтүлдү. Иш-чаранын соңунда Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова фестивалдын катышуучуларына ийгиликтерди каалап, өзгөчөлөнгөн таланттууларга дипломдорду тапшырды.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз