22 март 2023
Кароолор: (52)
Жалал-Абад: Эки оорукананын имаратына капсула салынды

Бүгүн, 20-мартта Жалал-Абад шаарындагы облустук клиникалык оорукананын нефрология, (жасалма бөйрөк), неврология, терапия бөлүмдөрү үчүн, 3 кабаттан турган имараттын курулушуна капсула салынды. Ага Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов, КРнын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гулбарчын Таштанбекова, облустук клиникалык оорукананын жетекчиси Кумар Ботокараев, медицина кызматкерлери катышты.
Жаңы имарат 90 орунга ылайыкташкан. Анын курулушу ушул жылдын ноябрь айында бүткөрүлмөкчү.
Ушул эле күнү, Жалал-Абад шаарынын Темир жол көчөсүндө жайгашкан облустук "Кургак учукка каршы күрөшүү" борборунун 3 кабаттуу имаратынын курулушуна да капсула салынды. Аталган борбордун жаңы имараты 96 орунга ылайыкташып, бардык шарттары менен курулуп, ушул жылдын октябрь айында бүткөрүлөт.
Белгилей кетсек, аталган ооруканалардын курулушу республикалык бюджеттен Жалал-Абад шаарына бөлүнгөн 2 млрд. сом акча каражатынан каржыланат. Бул каражатка Жалал-Абад шаарында жалпы 13 ири долбоор ишке ашырылат.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз