02 май 2023
Кароолор: (62)
Жалал-Абад: Джиу-джитсу жана грепплинг күрөшү боюнча ачык турнир өттү

29-30-апрель күндөрү Жалал-Абад шаарындагы “Газпром” ден соолукту чыңдоо борборунда жаштар жана өспүрүмдөр арасында спорттун джиу-джитсу жана грепплинг түрү боюнча ачык турнир өттү. Ага Өзбекстандын жана Кыргызстандын командалары катышып, жалпы 350 спортчу күч сынашты.
Спорттук иш-чарага Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Адиль Жоробаев, мэриянын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Таласбек Нуралиев баштаган жетекчилер катышты.
Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө IKJJF, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусу боюнча джиу-джитсу федерациясынын, Жалал-Абад шаардык мэриясынын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн Ардак грамоталары жана төш белгилери тапшырылды. Ошондой эле, Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Адиль Жоробаев тарабынан ийгилик жараткан спортчуларга акчалай сыйлык тапшырылып, эл өкүлү жаш спортчуларды ийгилиги менен куттуктады.
Белгилей кетсек, ачык турнирди Жалал-Абад облусу боюнча джиу-джитсу федерациясы, Жалал-Абад шаардык мэриясынын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмү менен биргеликте уюштурган.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз