26 апрель 2023
Кароолор: (51)
Жалал-Абад: Чернобыль апаатынын 37 жылдыгы белгиленди
Бүгүн, 26-апрелде Жалал-Абад шаарындагы “Жеңиш” эс алуу багында Чернобыль апаатынын курмандыктары эскерилди.
Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Айбек Джолдошев, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Автандил Дүйшеев, Чернобыль апаатынын катышуучулары, каза болгондордун жакындарды, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.
Эскерүү иш-чарасында Чернобыл апаатынын курмандыктарына арналган эстеликке гүл коюлуп, куран окулду.
Мэрдин орун басары Айбек Джолдошев жакынын жоготкондорго көңүл айтып, оор жоготуулар менен коштолгон мындай кырсыктар кайталанбасын деген тилегин билдирди.
Белгилей кетсек, 1986-жылы Украинадагы Чернобыль атомдук электр станциясында болгон жарылуунун кесепеттерин жоюуга Жалал-Абад шаарынан 120 адам катышкан. Учурда шаарда алардын 18и гана жашайт.