25 март 2023
Кароолор: (51)
ЖАЛАЛ-АБАД: БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ 400 ДААНА КӨЧӨТ ОТУРГУЗУШТУ

Бүгүн, 25-мартта Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев баштаган мугалимдер, “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн жана калаа башчысы Эрнисбек Ормоковдун буйругу менен жарыяланган үч айлыктын алкагында шаардагы Ж.Бакиев атындагы экопаркка 400 даана каштан дарагынын көчөтүн отургузушту.
Эске салсак, 18-мартта аталган паркка 1300 даана каштан дарагынын көчөтү отургузулган болчу.
Белгилей кетсек, 2023-жылы Жалал-Абад шаарынын аймагына жергиликтүү бюджеттен 4475 даана көчөт отургузуу пландалган.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз