30 октябрь 2023

Кароолор: (56)

Жалал-Абад: «Ата-эне, милиция, дин өкүлү, мэрия, психолог, мектеп бириксек, балдарга болот келечек» аталышында жыйын өттү

 Бүгүн, 30-октябрда Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында "Ата-эне, милиция, дин өкүлү, мэрия, психолог, мектеп бириксек, балдарга болот келечек" аталышындагы жыйын өттү. Жыйынга Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, облустук жана шаардык ИИБнин жетекчилиги, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев, мектеп директорлору, мугалимдер жана ата-энелер катышты.

Жыйында өспүрүмдөр арасында дарыканаларда сатылып жаткан курамында психотроптук заттары бар дары-дармектерди колдонуунун алдын алуу, ата-эне менен баланын ортосундагы мамиле, мектеп жашындагы кыздардын жүрүм-туруму боюнча талкуу болду.

Мындан сырткары, мектеп жашындагы балдар арасында ар кандай орунсуз окуялар орун алып жаткандыгы, балдарды телефон азгырыгынан алыстатуу, алардын дүйнө таанымын өзгөртүүдө ата-энелердин жана мугалимдердин салымы чоң экендиги белгиленди.

 Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаары боюнча акыркы тогуз айда окуучулар арасында 35 кылмыштуулук катталган.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз