02 ноябрь 2023
Кароолор: (52)
ЖАЛАЛ-АБАД: АЛАЙДЫН "ОРЕШКА" КӨМҮРҮ 6 СОМДОН САТЫЛУУДА

Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоковдун тапшырмасы менен Курманбек көчөсү №8 дарегиндеги муниципалдык базарда арзан баадагы көмүр сатуу түйүнү ачылды. Учурда базардын унаа токтотуучу жайына Ош облусунун Алай районунан сапаттуу "орешка" деп аталган 36 тонна 600 кг көмүр келип түштү. Анын бир тоннасы 6 миң сомдон сатылууда. Бул баа көмүр саткан менчик жайлардан 2 сомго арзан.
Көмүр элдин суроо-талабына жараша кыш мезгилинде үзгүлтүксүз негизде сатылып турат.
Көмүр саткан жай таңкы саат 8:30дан кечки саат 18:00гө чейин иштейт.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарына жыл сайын 10миң тоннага чейин көмүр керектелет. Бүгүнкү күндө анын 80%ы камсыздалган. Ал эми социалдык мекемелер 100% га көмүр менен камсыз болгон.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз