19 март 2023
Кароолор: (48)
Жалал-Абад аэропортунан "Мурас Юнайтед" футболдук клубунун оюнчуларын тосуп алышты

Футболчуларды тосуп алууга Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, калаа башчысы Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев жана клубдун жетекчилери катышты.
Белгилей кетсек, 21-март күнү, саат 14:30да шаардагы "Курманбек" стадионунда Жалал-Абад шаарынын "Мурас Юнайтед" футболдук клубу менен Кочкор-Ата шаарынын "Нефтчи" футболдук клубдарынын жолдоштук беттеши болот.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз