21 июнь 2023

Кароолор: (56)

Жалал-Абад: Адам сатууга каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңешме өткөрүлдү

 Бүгүн, 21-июнь күнү Жалал-Абад шаардык мэриясында адам сатууга каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңешме болуп өттү. Ага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, шаардык ички иштер бөлүмүнүн, “Аймира” коомдук фондунун, шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын, аймактык башкармалыктардын башчылары катышты.

Жыйында алгач, шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча аткарылган жумуштар боюнча маалымат берилди.

 Белгилей кетсек, аталган координацияык кеңешме КРнын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги 2022-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшү боюнча программасы жөнүндө №227 токтомунун негизинде уюштурулду.