25 апрель 2023
Кароолор: (54)
Жалал-Абад: "Коопсуздук-2023" биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуу башталды

Бүгүн, 25-апрель күнү Жалал-Абад шаарында Куралдуу Күчтөрдүн башкаруу органдары, аскерлери (күчтөрү) жана башка аскердик түзүмдөр, министрликтер, ведомстволор, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык «Коопсуздук-2023» машыгуусу башталды. Ага Куралдуу күчтөрдүн, ИИМдин, ӨКМдин, Чек ара кызматынын өкүлдөрү, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков катышууда.
Алар машыгуунун алкагында уюштурулган оперативдик штабдар, шаардын кирип-чыгуучу бөлүктөрүнө коюлган блокпосттордун иш алып баруусун жеринде текшерип чыгышты.
Машыгуунун жүрүшүндө резервдик түзүмдөрдү мобилизациялоо боюнча практикалык иш-чараларды аткаруу менен аскердик абал режимин киргизүү шартында абалды турукташтыруу, резервдик роталар менен күжүрмөн ок атууларды уюштуруу, ошондой эле сырттан келген күчтөрдүн жана каражаттардын басып кирүүсүнүн алдын алуу боюнча биргелешкен атайын операцияны жүргүзүү боюнча маселелер иштелип чыгат.
Белгилей кетсек, аталган машыгуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймагында жүрүп жатат.
Машыгуу 2023-жылдын 27-апрелинде аяктайт.