25 декабрь 2023

Кароолор: (85)

ЖАЛАЛ-АБАД: "АК ЖОЛ" ЖАНА АК-БЕРМЕТТЕГИ" БАЛДАРГА МАЙРАМДЫК БЕЛЕКТЕР ТАРТУУЛАНДЫ

 22- декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова менен биргеликте шаардагы "Ак жол" балдар үчүн комплекстүү реабилитациялык борборуна барды. Алгач, борбордун шарттары менен таанышып, аталган борборго электр мешин тапшырды.

 Андан соң, балдардын майрамдык концертине күбө болуп, белектер тапшырылды.

Ушундай эле белектер "Ак-Бермет" үй-бүлө тибиндеги балдар үйүндөгү балдарга да берилди.

 Белектер Жогорку Кеңештин фондунан аймактардагы балдар үйлөрүнө бөлүнгөн каражаттын эсебинен алынган.

 Белгилей кетсек, шаардык мэрия тарабынан "Ак-Бермет" үй-бүлө тибиндеги балдар үйүнө жана "Ак жол" балдар үчүн комплекстүү реабилитациялык борборуна жыл сайын ар тараптуу колдоолорду көрсөтүү менен майрамдык белектерди берип келет.

 Учурда жогорудагы эки борбордо жалпы 28 бала тарбияланууда.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз