17 март 2025

Кароолор: (64)

“ЖАЛАЛ-АБАД - 2025 ЭРТЕ ЖАЗ” ФЕСТИВАЛЫ БОЛУП ӨТТҮ

15-мартта Кыргызстан менен Орусиянын аймактарынын “Достук” эс алуу багында “Жалал-Абад-2025 эрте жаз” фестивалы болуп өттү.

 Иш-чарага Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин Төрагасы Орозбек Турдубеков жана шаар тургундары, коноктор катышты.

 Фестивалда Жалал-Абад облустук Т.Тыныбеков атындагы филармониясынын кызматкерлери тарабынан жандуу музыкалык чыгармалар, күүлөр аткарылды. Ошол менен катар Б.Алыкулов атындагы кыргыз драма театрынын артистери тарабынан Жалал-Абад шаарынын жаралуу тарыхы сахналаштырылды.

 Ошондой эле, спорттун баскетбол, аркан тартыш, футбол, теннис, шахмат түрлөрү боюнча, сүрөт тартуу, кол өнөрчүлүк боюнча адистер мастер класстарды көрсөтүштү.

 

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз