28 ноябрь 2024
Кароолор: (28)
ЖАЛАД-АБАД ШААРЫНДА 9 АЙДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
27-ноябрда 9 айдын жыйынтыгын чыгарган коллегия болуп өттү. Ага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, мэрдин орун басарлары жана шаардагы мекеме- ишканалардын жетекчилери катышты.
Күн тартибинде 3 маселе каралды:
1. 2024-жылдын 3-чейрегинде шаардын социалдык – экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2024-жылдын 4- чейрегине милдеттер жөнүндө;
2. 2024-2025-жылдарга күз-кыш мезгилине карата мекеме-ишканалардын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө;
3. “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алуучуларга жүргүзүлгөн маниторингдин жыйынтыктары жана “Үй- бүлөгө көмөк” жөлөкпулун дайындоодо даректүүлүк маселелсиндеги кемчиликтерди жоюу жөнүндө.
Алгач, 9 ай ичинде шаарда аткарылган жумуштар боюнча докладдар окулду. Анда
2024-жылдын үчүнчү чейрегинин жыйынтыгы боюнча өнөр жай ишканалары тарабынан 6 млрд. 188,4 млн. сомдук продукция өндүрүлүп, өндүрүлгөн продукциянын физикалык көлөмүнүн индекси 109,5%ды түзгөнү, өсүү темпи 130,3%га жеткирилип, же башкача айтканда өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 млрд. 439,2 млн. сомдук продукция көп өндүрүлгөнү айтылды.
Мындан сырткары, 2023-2024-жылдын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерүү учурунда билим берүү мекемелеринде айрым кемчиликтер аныкталганы айтылып, аларды жоюу тапшырмасы берилди.
Коллегияда шаар мэри Эрнисбек Ормоков курулуштарды белгиленген мөөнөтүндө бүткөрүү, коюлган пландарды, тапшырмаларды аткаруу талабын коюп, тийиштүү жетекчилерди билим берүү, саламаттык сактоо тармагына өзгөчө көңүл бурууга милдеттендирди.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз