18 август 2023
Кароолор: (55)
Загорный көчөсүнө асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилди

Жалал-Абад шаарындагы узундугу бир чакырым, туурасы беш жарым метрди түзгөн Загорный көчөсүнө асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилди. Курулуш Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлүп, капиталдык салымдар беренесинин негизинде каржыланган.
Жолдун сметалык баасы 11 миллион 700 миң сомду түзөт. Бул каражатка асфальт төшөөдөн сырткары темир-бетон арык куурларын жаткыруу, жолдун алдынан өткөрүлгөн суу түтүктөрүн орнотуу жумуштары жасалган.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз