25 апрель 2025

Кароолор: (100)

ЫКТЫЯРЧЫ КЫЗДАР "ДОСТУК" ПАРКЫН ТАЗАЛООГО КӨМӨКТӨШҮП, ЖАШТАРДЫ ШААРДЫН ТАЗАЛЫГЫНА САЛЫМ КОШУУГА ЧАКЫРЫШТЫ

 Жалал-Абад шаарындагы Зуура Нурматова атындагы кыздар лицейинин окуучулары өздөрү демилге көтөрүп, Кыргызстан менен Орусиянын аймактарынын “Достук” эс алуу багын тазалоого чыгышты. Аталган окуу жайдын 20дан ашуун ыктыярчы кыздары эс алуу багындагы орулган газондорду ташып, башкаларды да шаардын тазалыгына кам көрүүгө чакырышты.

 Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Уларбек Исмаилов жаштардын бул демилгесин шаар бийлиги кубануу менен кабыл алгандыгын белгилеп, шаардын тазалыгына, көрктөндүрүүсүнө салым кошкон ыктыярчы кыздарга ыраазычылык билдирди. Ошондой эле, алардын бул аракети башкаларга үлгү боло тургандыгын белгиледи.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз