28 февраль 2025
Кароолор: (52)
ВИЧ/СПИД МЕНЕН КҮРӨШҮҮ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

75-Кесиптик лицейде Жалал-Абад областынын ВИЧ/СПИД жана вирустук көзөмөлдөө борборунун адистери - даарыгер Ахунова Санабар Абдуллаевна жана Арапова Жамиля Кочкорбаевналар окуучуларга жугуштуу жана өнөкөт оорулардын түрлөрүн түшүндүрүү иш-чарасын өткөрүштү.
Мындай иштер жаштар арасында ден соолук жөнүндө билимин арттыруу жана жугуштуу оорулардан сактанууну үйрөтүү максатында өтөт. Окуучулар үчүн мындай маалыматтар, алардын келечектеги ден соолугуна пайдасы чоң, себеби алар ошол оорулар жөнүндө маалымат алышып, алдын алуу чараларын үйрөнүшөт.
Бул иш-чаралар жугуштуу оорулардын алдын алуу жана ВИЧ/СПИД тууралуу маалымат берүү боюнча маанилүү кадам болуп саналат.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз