19 сентябрь 2024
Кароолор: (90)
V ДҮЙНӨЛҮК КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫНДА ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН СПОРТЧУЛАРДЫ САЛТАНАТТУУ ТОСУП АЛУУ ИШ-ЧАРАСЫ ӨТТҮ

18-сентябрда Казакстандын Астана шаарында өткөн V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ийгилик жараткан спортчуларды салтанаттуу түрдө тосуп алуу иш-чарасы өттү.
Иш-чарага Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, машыктыруучулар, спорт күйөрмандары, шаар тургундары катышты.
V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Жалал-Абад шаарынан 4 спортчу катышып, алардын ичинен Ирлан Казыбек уулу Алыш күрөшү боюнча 80 кг салмакта алтын медаль тагынса, Динара Камчыбекова Алыш күрөшү боюнча 70 кг салмакта 3-орунду камсыздаган. Ал эми Күмүшай Орозкул кызы аркан тартыш боюнча командалык эсепте 3-орунду багындырып, коло медалга ээ болсо, Феруза Курсантбек кызы Алыш күрөшү боюнча 5-орунду камсыздаган.
Калаа башчысы спортчуларды ийгилиги менен куттуктап, алдыда жергиликтүү бюджеттин эсебинен спортчуларга жана алардын машыктыруучуларына акчалай сыйлыктар бериле тургандыгын баса белгиледи.
Иш-чарада Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев тарабынан Ирлан Казыбек уулуна аргымак белекке берилди. Ал эми анын машыктыруучусу Чыңгыз Акановго өзү машыктырган спортчулар аргымак мингизишти.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 8-сентябрынан 14-сентябрына чейин Казакстандын Астана шаарында V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөн. Ага 90 дой мамлекет катышып, 3 миңден ашуун спортчулар күч сынашкан.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз