25 апрель 2024

Кароолор: (34)

Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары жана жеке ишкерлери!

 Жалал-Абад шаарынын мэриясы, “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын “Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү уюмдары менен камтууну жогорулатуу” долбоорунун алкагында шаар боюнча кызыктар тараптарды кызматташууга чакырат.

 Долбоордун максаты бөбөктөрдү бала бакча менен камтуу деңгээлин жогорулатуу, бала бакча ачууга жөндөмдүү жарандарды кыска аралыкта жеке ишкерликке окутуп, үй тибиндеги бала бакчаларды ачууга көмөктөшүү.

 Жеке ишкер катары үй тибиндеги бала бакча ачууну каалаган жарандардан мурдагыдай лицензия алуу талап кылынбайт.

 Каалоочулар өздөрү жашап жаткан үйдө эле ача алат.

 Жогоруда белгиленгендей, жер үй болсо шартына жараша 25 балага чейин, эгерде көп кабаттуу батир болсо — 10 балага чейин кабыл алууга болот.

 Алардан бир гана балдардын ден соолугу жана өмүрүнүн коопсуздугу үчүн санитардык нормаларды, өрткө каршы эрежелерди сактоо талап кылынат жана атайын адистер тарабынан окутуудан өткөрүлөт.

 Билим берүү жана илим министрлиги мектеп жашына чейинки балдарга кандай окуу-усулдук тарбиялык иштер окутулушу керектигин даярдап, иштеп чыккан. Бала бакча ачууну каалаган жарандар үч күндүк окутуудан өтүшөт.

 1- күнү. Балдардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша билим-тарбия берүү тууралуу билимге ээ болот.

 2- күнү. Өрт коопсуздугу жана саламаттыкты сактоо нормалары боюнча маалыматтарды алат.

 3-күнү. Жеке ишкерликти жүргүзүүнүн, ишкер катары катталуунун жеңилдетилген формаларын үйрөнүшөт.

 Каалоочулар Жалал-Абад шаардык мэриясынын Социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө кайрылсаңыздар болот.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз