09 май 2025

Кароолор: (8)

УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШТАГЫ ЖЕҢИШТИН 80 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШТАГЫ ЖЕҢИШТИН 80 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

 Бүгүн, 9-май күнү Жалал-Абад шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата салтка айланган "Өлбөс полк" жөө жүрүшү уюштурулуп, жөө жүрүштүн катышуучулары "Эркиндик" аянтынан "Жеңиш" эс алуу багына барышты.

Майрамдык иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Орозбек Турдубеков баштаган депутаттар, Улуу Ата Мекендик согуштагы концлагер туткуну Валентина Симоненко, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары катышты.

 Иш-чарада Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына арналган эстеликке гүл коюлуп, куран окулду.

 Шаар мэри Эрнисбек Ормоков шаар тургундарын жана конокторун 9-май - Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктап, согуш ардагерлери арабызда жок болсо да, алардын каармандыгы, жасаган эрдиги түбөлүккө сакталат деп белгиледи.

 Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарынан Улуу Ата Мекендик согушка 10 миңден ашуун адам аттанып, алардын 5024 кайтып келген.

Учурда шаарда жалгыз концлагер туткуну бар.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз