10 май 2024
Кароолор: (76)
УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШТАГЫ ЖЕҢИШТИН 79 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

9-май күнү Жалал-Абад шаарындагы "Жеңиш" эс алуу багында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгы белгиленди. Майрамдык иш-чарага Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары катышты.
Иш-чарада Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына арналган эстеликке гүл коюлуп, куран окулду.
Шаар мэри Эрнисбек Ормоков шаар тургундарын жана конокторун 9-май - Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 79 жылдыгы менен куттуктап, согуш ардагерлери арабызда жок болсо да, алардын каармандыгы, жасаган эрдиги түбөлүккө сакталат деп белгиледи.
Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарынан Улуу Ата Мекендик согушка 10 миңден ашуун адам аттанып, алардын 5024 кайтып келген.
Учурда шаарда жалгыз концлагер туткуну бар. Ал эми ушул жылдын март айында шаардагы жалгыз Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сафин Гаффан 99 жашында дүйнөдөн кайткан.
Белгилей кетсек, майрамга карата кечээ, 8-май күнү концлагер туткуну Валентина Симоненкого Президент тарабынан 100 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 15 миң сом акча каражатын жана белектерди шаар мэри Эрнисбек Ормоков тапшырып келди.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз