21 март 2024
Кароолор: (56)
УЛУУ АЙДА КӨРСӨТҮЛГӨН КАМКОРДУК

Бүгүн, 21- мартта Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев , эл өкүлдөрү Канатбек Турдукулов, Каныбек Маманов жана Тынчтыкбек Саматов Жалал-Абад шаарындагы балдардын психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесине барышты.
Эл өкүлдөрү Орозо айынын урматына андагы дарыланып жаткан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жалпы суммасы 70 миң сомдон ашуун каражатка шаардык кеңештин атынан турмуш-тиричилик буюмдарын жана тамак-аш азыктарын, балдарга зарыл болгон буюмдарды тапшырышты. Ошондой эле, мекемеде эмгектенген кызматкерлердин түйшүктүү иштерине ийгиликтерди каалап, Нооруз майрамы менен куттуктап, ыраазычылык билдиришти.
Белгилей кетсек, учурда аталган мекемеде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 120 бала тарбияланып келет. Аларга Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарды өз каражаттарынан ар кандай жардамдарды көрсөтүп келишет.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз