26 февраль 2025
Кароолор: (85)
УКУК БУЗУУЛАРДЫН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА КООРДИНАЦИЯЛЫК КОМИССИЯНЫН ОТУРУМУ БОЛУП ӨТТҮ

Бүгүн, 25-февралда Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссиянын отуруму болуп өттү.
Ага мэриянын аппарат жетекчиси Миргүл Эгемова, шаардык ички иштер бөлүмүнүн, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башармалыгынын, шаардык билим берүү бөлүмүнүн, аймактык башкаруу мекемелеринин башчылары, мектеп жана бала бакчалардын жетекчилери катышты.
Күн тартибинде 5 маселе каралды:
1. Жалал-Абад шаарынын аймагында өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча аткарылган иш-аракеттер.
2. Билим берүү чөйрөсүндөгү балдардын укугу жана кылмыштуулуктун алдын алуу, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча аткарылып жаткан иш-аракеттер.
3. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын балдар иштери боюнча комиссиясында каралган маселелер жана алардын аткарылышы.
4. Жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу, жол эрежелерин сактоо боюнча иш-аракеттер.
5. Жалал-Абад шаарынын аймагындагы курулуш нормаларына туура келбеген (ресторан, кафе, ашкана, диний имараттар, АЗС, базар ж.б.) курулуштарга чара көрүү жана мыйзамсыз курулушутар боюнча аткарылып жаткан иш-аракеттер.
Отурумда коррупцияга каршы күрөшүү иш-аракеттери, жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо, мектептердеги рекетчиликти, зордук-зомбулукту, аптекалык наркоманиянын алдын алуу, окуучулардын жолдо жүрүү коопсуздугу, жүрүм-турумун көзөмөлдөө боюнча тиешелүү адистер тарабынан докладдар окулду.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз