18 декабрь 2024
Кароолор: (185)
УКУК БУЗУУЛАРДЫН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА КООРДИНАЦИЯЛЫК КОМИСИЯНЫН ОТУРУМУ БОЛУП ӨТТҮ

Жалал-Абад шаарынын мэриясында укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комисиянын отуруму болуп өттү. Ага мэриянын аппарат жетекчиси Миргүл Эгемова, шаардык ички иштер бөлүмүнүн, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башармалыгынын, шаардык билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү жана аймактык башкаруу мекемелеринин башчылары катышты.
Күн тартибинде бир маселе каралды:
1. Кыргыз Республикасынын 2021- жылдын 5- майындагы №60 “Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022- жылдын 23- августундагы №469 токтому, 2023-жылдын 4-октябрындагы №748-т сандуу токтому менен бекитилген" 2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттердин улуттук планынын 2024-жыл ичинде аткарылышы.
Жыйында жыл ичинде коррупцияга каршы күрөшүү иш-аракеттери, жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо, мектептер арасындагы рекетчиликти, зордук-зомбулукту, аптекалык наркомания боюнча тиешелүү адистер тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттери айттылып, шаардагы аймактык башкаруулардын алдындагы "Коомдук алдын алуу борборлорунун" отчеттору угулду.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз