13 октябрь 2025

Кароолор: (13)

УКМК ТӨРАГАСЫ КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ МАНАС ШААРЫНДАГЫ МЕКТЕПТЕРГЕ 100 ДААНА ИНТЕРАКТИВДҮҮ ДОСКА ТАПШЫРДЫ

 11-октябрда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Манас шаарындагы мектептерге 100 даана интерактивдүү доска тапшырды.

 Иш-чарага Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеңиш Байзаков, мектеп директорлору жана мугалимдер катышты.

 Камчыбек Ташиев интерактивдүү досканын окуучуларга чоң пайдасы тиерин айтып, билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

 Ошондой эле, Манас шаарында дагы жаңы 10 мектепке муктаждык бар экендигин айтып, жакынкы үч жыл ичинде бул маселени чечүү аракети жолго коюларын да белгиледи.

 Кошумчалай кетсек, Манас шаарында жалпы 29 мектеп, 31 бала бакча бар.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз