28 ноябрь 2023

Кароолор: (64)

ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОРДУК-ЗОМБУЛУККА КАРШЫ КҮРӨШҮҮГӨ БАГЫТТАЛГАН ИШ-ЧАРА ӨТТҮ

 27-ноябрда Жалал-Абад шаарындагы Курманбек аймактык башкаруусунда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы “16 күндүк компания” аталышындагы иш-чара өттү.

 Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, шаардык кеңештин депутаттары, социалдык кызматкерлер, студенттер жана шаар тургундары катышты.

 Иш-чарада аялдарга, жаш балдарга, карыяларга карата үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун алдын алуу жана болтурбоо эн башкы максаттардын бири экендиги белгиленип, келечекти куруучу жаштарга карата билим алуу жана эмгекти сүйүү учурдун талабы экендиги айтылды.

 Иш-чара аярлуу катмардагы аялдардын колдорунан жасалган кол өнөрчүлүк буюмдары, өндүргөн продукцияларынын көргөзмө-жарманкеси менен коштолду.

 Белгилей кетсек, аталган иш-чара 25-ноябрь-Аялдарга карата зордук-зомбулукту жоюу үчүн күрөшүүнүн эл аралык күнүнө жана 10-декабрь-Эл аралык адам укугун коргоо күнүнө карата уюштурулду.

 Мындай иш-чара 25-ноябрдан, 10-декабрга чейин шаар аймагында улантылмакчы.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз