22 май 2024

Кароолор: (83)

Туура тамактануу жана ден соолукка кам көрүү боюнча тегерек стол өттү

21-майда Жалал-Абад шаардык мэриясында туура тамактануу жана ден -соолука кам көрүү боюнча тегерек стол болуп өттү. Ага шаар мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, медициналык мекемелердин өкүлдөрү, шаардагы коомдук тамактануучу жайлардын ээлери катышты.

 Тегерек столдун жүрүшүндө туура тамактануу жана ден-соолукка кам көрүү боюнча маалымат берилип, адамдын жүрүм - турум, жашоо эрежесине ылайык, анын ден соолугу калыптанаары айтылды. Күнүмдүк жашоодо тамак-аш тузун көп өлчөмдө колдонуу зыян экендиги жана анын кесепеттери жөнүндө түшүнүк берилди.

 Белгилей кетсек, тегерек стол Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден-соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун «Дени сак шаарлар» программасынын алкагында өткөрүлдү.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз