14 март 2023
Кароолор: (55)
“Туура кесип тандоодо заманбап билим берүү жана алуу ыкмалары” аталышындагы форум болуп өттү

Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында “Туура кесип тандоодо заманбап билим берүү жана алуу ыкмалары” аталышындагы форум болуп өттү. Форумга “Ата-энелер мектеби” программасынын негиздөөчүсү, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, педагогика илимдеринин кандидаты Гапыр Мадаминов, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев, Шарля де Голль университетинин бүтүрүүчүсү Зарина Макен, облустун башка район, шаарларынан келген мугалимдер жана ата-энелер катышты.
Форумдун жүрүшүндө Гапыр Мадаминов балдар кайсыл китепти окуусу керектиги, баланын телефондон оолактатуу, студенттердин алган билимин турмушта пайдалануусун ишке ашыруу жана ата-энелердин балдарынын алдындагы жоопкерчилиги тууралуу пикирлери менен бөлүштү.
Аталган иш-чаранын максаты келечек ээлери болгон жаш муунга кесип тандоодо жардам берүү менен мыкты кадрлардын өсүүсүнө өбөлгө түзүү, мугалимдердин педагогикалык маданиятын өркүндөтүү, ата-энелердин балдарды тарбиялоодогу жана аларга кам көрүүдөгү көндүмдөрүн жакшыртуу, жашы жете электер арасында укук бузуулардын алдын алуу болуп саналат.
Эскерте кетсек, учурда өлкө боюнча мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарында “Ата-энелер мектеби” программасы менен мугалимдер жана ат-энелер окутуудан өтүп жатат.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз