14 январь 2025
Кароолор: (189)
ТҮРК МАМЛЕКЕТТЕР УЮМУНУН ТУРИСТТИК БОРБОРУ СТАТУСУ ТҮРКИСТАН ШААРЫНАН ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА ӨТКӨРҮП БЕРИЛДИ

Туристтик борбор статусун ырастаган ачкычты тапшыруу аземи Казакстандын Түркистан шаарында орун алды. Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин жашыл экономика, туризм секторунун башчысы Алибек Матиев, Түркистан шаарынын акими Азимбек Пазылбекулы катышты.
Иш-чаранын алкагында Түркистан шаары менен Жалал-Абад шаарынын ортосунда достук мамилени түзүү маселеси талкууланды.
Белгилей кетсек, аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин көмөгү менен уюштурулган.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз