21 июль 2025

Кароолор: (33)

ТУРАК ЖАЙЫ КҮЙГӨН ЖАНА АВТОКЫРСЫККА КАБЫЛГАН ЖАРАНДАРГА МАМЛЕКЕТТИК КАМСЫЗДАНДЫРУУ УЮМУ ТАРАБЫНАН СЕРТИФИКАТТАР ТАПШЫРЫЛДЫ

 18-июль күнү, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Жалал-Абад филиалынын директору Марат Кудайбергенов турак жайы күйгөн жана автокырсыкка кабылган жарандарга сертификаттарды тапшырышты.

 Шаар мэри сертификаттарды тапшырып жатып бул каражат өрттөнгөн турак жайды калыбына келтирүү жана автокырсыктын чыгымдарын жабууга көмөк болоорун белгилеп, шаар тургундарын турак жайларын жана автоунааларын камсыздандырууга чакырды.

 Белгилей кетсек, Жалал-Абадда жыл башынан бери 4764 турак жай, 27013 автоунаа мамлекеттик камсыздандыруудан өткөн.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз