18 ноябрь 2025
Кароолор: (61)
ТУРАК ЖАЙЫ КҮЙГӨН ЖАНА АВТОКЫРСЫККА КАБЫЛГАН ЖАРАНДАРГА КАМСЫЗДАНДЫРУУ ТӨЛӨМҮН АЛУУГА ТАСТЫКТАМА ТАПШЫРЫЛДЫ
17-ноябр күнү, Мамлекеттик камсыздандыруу уюму тарабынан турак жайы күйгөн бир жаранга жана автокырсыкка кабылган сегиз жаранга жалпы суммасы 1 млн. 262 миң сомдук камсыздандыруу төлөмүн алууга тастыктамалар тапшырылды.
Тастыктамаларды Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков жана Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун облустагы филиалынын директору Урматбек Осмонкожо уулу тапшырды.
Шаар мэри жарандарга сертификаттарды тапшырып жатып, бул каражат автокырсыктын чыгымдарын жабууга жана өрттөнгөн турак жайды калыбына келтирүүгө көмөк болоорун белгиледи.
Ошондой эле турак жайларды жана автоунааны камсыздандыруу мезгил табалы экенин кошумчалап, жарандарды кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн камсыздандырууга чакырды.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз









