23 сентябрь 2023

Кароолор: (54)

Түмөнбай Байзаков атындагы паркка анын айкели тургузулду

 Бүгүн, 23-сентябрда Жалал-Абад шаарындагы акын жана котормочу, “Эмгек баатыры” артыкчылык даражасынын ээси Түмөнбай Байзаковдун ысымы берилген паркка анын айкели орнотулуп, ачылуу аземи өткөрүлдү.

 Иш-чара Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдыгынын алкагында уюштурулуп, ага Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Аскарова, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев баштаган депутаттар, коомдук ишмерлер, акындын жакындары жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

 Айкелдин ачылуу аземинде сөз сүйлөгөн калаа башчысы Эрнисбек Ормоков, кыргыз адабиятына зор салым кошкон залкар инсандын көзү өтсө да, кыргыз коомчулугу үчүн жасап кеткен эмгектери тубөлүккө сакталып калаарын белгиледи.

 Белгилей кетсек, Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдык мааракеси мамлекеттик деңгээлде өткөрүлө турган юбилейлик иш-чаралардын тизмегине кирген. Ал эми жакында эле, шаардык кеңештин депутаттарынын токтому менен Жалал-Абад шаарынын реконструкциядан өткөрүлгөн борбордук көчөсүнө акындын ысымы берилип, Түмөнбай Байзаков атындагы проспектиси болуп ачылган болчу.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз