07 апрель 2025
Кароолор: (32)
Т.ТАЙГАРАЕВ АЙМАКТЫК БАШКАРМАЛЫГЫНДА ЖАЗ МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

5-апрель күнү, Жалал-Абад шаарынын Тукубай Тайгараев атындагы муниципалдык аймактык башкармалыгында жаз майрамы белгиленди.
Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Орозбек Турдубеков, мэрдин орун басарлары, шаардык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү тургундар катышты.
Эрнисбек Ормоков шаар тургундарын майрамы менен куттуктап, элди ынтымакка, биримдикке чакырган бул майрамдык иш-чара жыл сайын салт катары өткөрүлүп келээрин белгилеп, мэриянын атынан акчалай сыйлык тапшырды.
Майрамдык иш-чарада сүмөлөк кайнатылып, кыргыз элинин салт-санаасы көрсөтүлүп, тамак-аш жана кол өнөрчүлөр жарманкеси орун алып, эмгектери мыкты деп табылган кол өнөрчүлөргө жана улуттук тамак-аштарды өзгөчө бышыргандарга акчалай сыйлыктар берилди. Ал эми аба ырайына байланыштуу спорттук иш-чаралар башка күнгө жылдырылды.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгында жыл сайын "Нооруз" майрамына карата элдин маанайын көтөрүп, улуттук баалуулуктарды даңазалаган, элди ынтымакка, биримдикке чакырган майрамдык иш-чара уюштурулуп келет.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз