16 июнь 2023
Кароолор: (50)
Тротуарга чыгып кеткен курулуштар буздурулуп, соода күркөлөрү алынды

Жалал-Абад шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан Ленин көчөсүндөгү тротуардын курулушуна тоскоолдук жараткан аялдама (дүкөнү менен) буздурулду. Мындан сырткары Токтогул эс алуу паркындагы үч соода күркөсү, Жеңи-Жок көчөсүндөгү тротуарга мыйзамсыз орнотулган контейнер алынды.
Алдыда мыйзамсыз курулуштарды аныктоо жана буздуруу иштери улантылат.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз