09 декабрь 2024

Кароолор: (165)

ТӨРАГА ЖУРНАЛИСТТЕРДИ КУТТУКТАДЫ

 Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Орозбек Турдубеков 8-декабрь - Радио жана телевидение кызматкерлеринин кесиптик майрамына жана Кыргыз Басма сөзүнүн 100 жылдыгына карата Жалал-Абад шаарындагы массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлерин куттуктап, ыраазычылык баракчаларын тапшырды.

Орозбек Турдубеков, коомдо болуп жаткан маалыматтарды элге жайылтууда жана Жалал-Абад шаарынын өсүп-өнүгүүсүндө журналисттердин орду чоң экендигин баса белгилеп, иштерине ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 8-декабрь - Радио жана телевидение кызматкерлеринин кесиптик майрамы.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз