03 октябрь 2023
Кароолор: (54)
Төрага улгайган инсандарды куттуктады

1-октябрь – Эл аралык карылар күнүнө карата Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев шаардагы улгайган карыялардан кабар алып, аларга азык-түлүк салынган баштыкча берип, майрамы менен куттуктады.
Төрага: «Сиздерге өзгөчө көңүл буруу менен бирге турмуштун оор сыноосунан өтүп, жашоонун тажрыйбасына тунган ата-апаларыбызга, согуштун жана эмгектин ардагерлерине жана башка улгайган адамдарга таазим кылуу, ыраазычылык билдирүү биздин парзыбыз,"-деп белгиледи.
Майрамга карата Жалал-Абад шаарындагы жалгыз бой, аз камсыз болгон карыяларга белектер тапшырылды.
Мындан сырткары, 65 жаштан жогорку шаардын "Ардактуу атуулу" наамын алган 61 карыянын ар бирине миң сомдон акча каражаты да берилди. Эске салсак, бул демилгени эл өкүлдөрү колдоп берип, жыл сайын шаар казынасынан берилмей болгон.
Жалал-Абад шаарында пенсия курагындагы 9426 жаран бар. Аларга жыл сайын жергиликтүү бийлик тарабынан моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүлүп келет.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз