09 март 2023

Кароолор: (209)

Төрага тазалыкта иштеген энелерди майрамы менен куттуктады

 Бүгүн, 8- мартта Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев өз каражатынан "Жалал-Абад Тазалык" мекемесинде эмгектенип жаткан 15 аялга акчалай сыйлыктарды жана белектерди тапшырды.

Төрага, шаардын тазалыгы үчүн күн -түн дебей эмгектенип жаткан айымдардын мээнети шаар үчүн зор экендигин айтып, аларга бекем ден-соолук, иштериндеги ийгиликтерди каалады.

Эске салсак, кече, 7-март күнү шаардык кеңештин төрагасы өз каражатынан 300 аялга майрамдык белек берген болчу.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз