18 декабрь 2024

Кароолор: (219)

ТӨРАГА ОРОЗБЕК ТУРДУБЕКОВ БАШТАГАН ДЕПУТАТТАР ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН СПОРТЧУЛАРДЫ КУТТУКТАДЫ

Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Орозбек Турдубеков жана шаардык кеңештин депутаттары Индонезия мамлекетинде өткөн ММА боюнча ийгилик жараткан спортчуларды куттуктап, акчалай белектерин беришти.

Орозбек Турдубеков, ийгилик жаратып, өлкөнүн намысын коргогон спортчулар шаарыбыздын гана эмес, бүтүндөй өлкөбүздүн сыймыгы экендигин белгилеп, Кыргызстандын желегин бийик көтөрүп, дүйнөгө таанытууда спортчулардын эмгеги зор экендигин кошумчалады.

Аталган турнирге Кыргызстандын атынан 12 спортчу катышып, Жалал-Абад шаарынан барган Дооронбек Кылычбек уулу 57 кг салмакта 1-орунду, Арген Муратбек уулу 70 кг салмакта 3-орунду багындырган.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз