02 февраль 2023
Кароолор: (63)
Төрага мугалимди сыйлады
Бүгүн, 2-февралда Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев, шаардагы №4 мектеп-гимназиясынын башталгыч классынын мугалими Мавлиткан Айдаралиеваны кабыл алып, жаш муундарды окутуп тарбиялоодо жетишкен ийгиликтери, көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана билим берүү тармагына кошкон салымы үчүн Жалал-Абад шаардык кеңешинин Ардак грамотасын тапшырды.
Төрага келечек муунга татыктуу тарбия берүүдө мугалимдердин ийгилиги зор экендигин жана жергиликтүү бийлик ар убак мугалимдерге колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин баса белгиледи.
Белгилей кетсек, Мавлиткан Айдаралиева билим берүү тармагында 40 жылдан ашуун башталгыч класстын мугалими болуп эмгектенип келет.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз