03 декабрь 2024

Кароолор: (169)

Төрага майыптыгы бар балдардын майрамдык маанайына ортоктош болду

 Бүгүн, 3-декабрда Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Орозбек Турдубеков балдардын психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесинде ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын майрамдык маанайына ортоктош болуп, акчалай каражат тапшырды.

"Мында тарбияланып жаткан балдардын жан дүйнөсү өзгөчө. Аларга жылуу-жумшак мамиле жасаган тарбиячылардын эмгеги зор. Мындан ары да эл өкүлдөрү аталган мекемеге ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даярбыз" деди төрага.

Аталган мекемеде 4 жаштан 18 жашка чейинки жалпы 136 бала тарбияланат.

Белгилей кетсек, 3-декабрь " Майыптыгы бар  жарандардын эл аралык күнү".

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз