01 сентябрь 2023

Кароолор: (58)

Төрага “Эверест” окуу-тарбиялык мекемесинин ачылуу аземине катышып, окуучуларды билим күнү менен куттуктады

Бүгүн, 1-сентябрда Жалал-Абад шаарында ачылган жеке менчик “Эверест" окуу-тарбиялык мекемесинин ачылуу аземи болду. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев, мугалимдер, ата-энелер катышты.

Жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап сөз сүйлөгөн төрага билим алууда талыкпаган эмгек менен дайыма жаңыча багытта алдыга карай умтулуу бүгүнкү күндүн талабы экендигин баса белгилеп, 1-класстын босогосун аттап жаткан наристелердин окууларына ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, “Эверест” окуу-тарбиялык мекемеси 2019-жылы Жалал-Абад шаарында алгачкы мектебин ачып, суроо-талаптын көптүгүнөн быйыл калаада экинчи мектебин ишке киргизди. Учурда аталган мектепте жалпысынан миңге жакын окуучуга 4 тилде окутуу жүргүзүлөт. Аталган окуу-тарбиялык мекемесинин базасында мектепке чейинки балдар үчүн бала-бакча да иштейт.

Аталган мектеп 2023-2024 окуу жылына 225 окуучуну биринчи класска кабыл алды.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз