26 май 2023
Кароолор: (56)
Төрага эл аралык олимпиадада ийгилик жараткан окуучуларды кабыл алды

Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев Зуура Нурматова атындагы кыздар лицейинин математика сабагы боюнча эл аралык олимпиадада ийгилик жараткан окуучуларды жана алардын ата-энелерин кабыл алды. Төрага окуучуларды жана аталган лицейдин эмгек жамаатын куттуктап, окууларына ийгиликтерди каалады.
Олимпиада Сингапурда өтүп, ага дүйнөнүн 40 өлкөсүнөн 1-класстан 11-класска чейинки окуучулар катышкан. Жалал-Абад шаарынан 35 окуучу катышып, алардын 5и ийгилик жаратып, бир алтын жана төрт коло медаль жеңип алышкан.
Олимпиада онлайн түрдө өткөрүлгөн. Жеңген окуучулар Сингапурга жолдомого ээ болду.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз