26 май 2023
Кароолор: (62)
Төрага бүтүрүүчүлөрдү куттуктады

25-майда Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев № 17 орто мектепте өткөн “Акыркы коңгуроо” салтанатына катышты. 125 бүтүрүүчүнү уясынан учуруп жаткан мектептин бүтүрүүчүлөрүнө ийгиликтерди каалап, алдыга койгон ой-максаттарынын ишке ашуусуна тилектеш экендигин билдирди.
Майрамдык салтанат окуучулар тарабынан даярдалган концерттик программалар менен коштолуп, алдыңкы мугалимдер жана окуучулар Ардак Грамоталар менен сыйланды.
Андан соң төрага мектептин абалы менен таанышып чыкты.
Маалым болгондой, аталган мектеп 8 жыл мурда 7 жылдык билим берүү менен 230 окуучуга ылайыкташып курулган болсо, учурда 849 окуучу 3 нөөмөт менен 11-класска чейин билим алып жатат.
Жаңы мектеп куруу зарылчылыгы бар экенин белгилеген төрага алдыда бул мектептин көйгөйүн чечүү боюнча аракеттер көрүлө турганын белгиледи.
Жалал-Абад шаарында 20 мектеп бар. 2022-2023- окуу жылында 797 окуучу 11-классты, 2228 окуучу 9-классты аяктап жатса, шаар боюнча 5 окуучу “Алтын тамга” аттестатына ээ болду.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз