07 март 2023
Кароолор: (128)
Төрага 300 энеге белек берди

Бүгүн 7-мартта, 8 - март-Аялдардын эл аралык майрамына карата Барпы театрында салтанатуу иш чара өттү. Ага Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык аксакалдар кеңешинин төрагасы Дүйшөн Мамасалиев, баатыр энелер, мекеме-ишканалардан келген аялдар катышты.
Төрага аялзаты тынчтыктын тиреги экенин белгилеп, “Энелерге болгон көңүл буруу майрам күнү эле эмес, күн сайын болуп турушу керек”,- экендигин айтты. Андан соң, шаардын өнүгүүсүнө кошкон салымдары, кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткаргандыктары үчүн алдыңкы айымдарга шаардык мэриянын жана депутаттардын шаардык кеңешинин Ардак грамоталарын тапшырды.
Андан соң, 300 энеге өзүнүн атынан белектерди берди.
Белгилей кетсек, төраганын энелерге болгон мындай көнүл буруусу жыл сайын улантылып келет.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз