06 июнь 2023
Кароолор: (77)
Токтогул паркын реконструкциялоо иши жүрүп жатат

Жалал-Абад шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу паркы реконструкцияланып жатат. Учурда парктын ичиндеги жолдорго таштаман (брусчатка) басуу үчүн даярдоо иши жүрүп жатат. Мындан сырткары паркка келген жарандар үчүн кооптуулук жараткан куурап калган дарактар мэриянын Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасынын кызматкерлери тарабынан алынууда.
Аталган парктагы тротуарлар, отургучтар толугу менен жаңыланып, оргумалар (фонтандар) оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, жарыктандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт.
Паркты реконструкциялоого 23 млн. сом сарпталат. Курулуш Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланууда.
Белгилей кетсек, аталган парк 1960-жылдары негизделген. Андан бери ар кайсыл бөлүгүндө оңдоп-түзөө, таштаман (брусчатка) басуу жана асфальт төшөө сыяктуу иштер жүргүзүлгөн. Ал эми толук реконструкциялоо иши жүргөн эмес.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз