12 апрель 2023

Кароолор: (202)

Токтогул паркы реконструкцияланып жатат

Быйыл, 2023-жылы Жалал-Абад шаарындагы Т.Сатылганов атындагы парк реконструкциядан өткөрүлөт. Анын алкагында эс алуу багында жарыктандыруу, тротуарлар, отургучтар толугу менен жаңыланып, көрктөндүрүү иши жүргүзүлөт. Ошондой эле, парктагы оргума (фонтан) оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.

 Паркты реконструкциялоого 23 млн. 8313 сом сарпталат. Курулуш Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланууда.

 Учурда паркты оңдоп-түзөө иштери башталды.

 Белгилей кетсек, аталган парк 1960-жылдары негизделген. Андан бери ар кайсыл бөлүгүндө оңдоп-түзөө, брусчатка басуу жана асфальт төшөө сыяктуу иштер жүргүзүлгөн. Ал эми толук реконструкциялоо иши жүргөн эмес.