26 июнь 2023

Кароолор: (53)

ТОКТОГУЛ КӨЧӨСҮНӨ ТРОТУАР ЖАНА ТЕМИР-БЕТОН АРЫК КУРУЛУП, АЛЛЕЯГА ТАШТАМАН ТӨШӨЛҮП ЖАТАТ

Токтогул көчөсүндөгү аллеяга мэриянын Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаменти тарабынан 3миң чарчы метр таштаман төшөлүп жатат. Аталган мекеменин жумушчулары жумушун дээрлик аяктап калды.

 Аталган көчөдө жалпы узундугу 1,5 чакырым, кеңдиги 2-3,5 метрди түзгөн тротуар да курулуп жатат. Мындан сырткары темир-бетон арык куурларын жаткыруу иши да колго алынган.

 Белгилей кетсек, 2023-жылы Жалал-Абад шаарына жалпы 13 чакырым тротуарга жана 20 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган. Мындан сырткары шаардан “Жалал-Абад” санаториясына чейин вело жол курулат.