10 октябрь 2023
Кароолор: (64)
Тогуз коргоол боюнча мэрдин кубогу жыйынтыкталды

Жалал-Абад шаарында 7-9-октябрь күндөрү тогуз коргоол оюну боюнча эл аралык мелдеш уюштурулду. Мэрдин кубогу коюлган оюн бүгүн жыйынтыкталды.
Мелдешке Бишкек, Ош шаарларынын жана Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарынын аймагынан келген 18 команда катышты. Арасында Өзбекстандан келген студент катышуучулар да бар.
Спорттук иш-чаранын сыйлоо аземине Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова катышып, жеңүүчүлөргө мэрдин кубогун, акчалай сыйлыктарды, диплом жана медалдарды тапшырды.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз