14 март 2025
Кароолор: (74)
ТИШ ДАРЫЛООЧУ ЖАЙЛАР, МЕДИЦИНАЛЫК БОРБОРЛОР ТЕКШЕРИЛДИ

13-мартта Жалал-Абад шаарынын мэриясынын, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлеринен жана шаардык кеңештин депутаттарынан турган комиссия курамы шаар аймагындагы жеке менчик медицина борборлордун, стоматологиялык кабинеттердин санитардик алабын текшерди.
Рейд учурунда медициналык калдыктарды залалсыздандыруу пункту(УМО) менен келишим кылбай, ийненин калдыктарын туш келди ташданды таштоочу жайларга таштаган жайлар аныкталып, эскертүү берилди. Коюлган талаптар аткарылбаса, мыйзам чегинде айып пул салынат.
Аталаган рейд кан аркылуу жугуучу АИВ/ВИЧ (СПИД), вирусттук гепатит ооруларынын алдын алуу максатында уюштурулууда.
Эскерте кетсек, сулуулук салондорго, хиджама кылуучу жайларга, ийне саюучу, тиш дарылоочу жайларга алдыда рейд улантылат.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз